Лондондон кат. Абдыкеримов эмнени айткысы келет?
“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган. Анын каттарында атайын кызматтын жетекчилеринен баштап жакындарына чейинки капачылыгы, жашоо тууралуу ой-толгоолору да камтылган. Абдыкеримовдун эскерүүлөрүндө УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-премьерлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев өңдүү бир катар саясатчылардын, ишкерлердин аты аталат. Эл арасында “Шаки” деп таанылган ишкердин мындай билдирүүлөрүнүн артында эмне жатат?
Шерине