Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Бишкек – Кара-Балта жолунда автокырсык көбөйгөн маселе парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза Бишкек – Кара-Балта жолунда автокырсык көбөйүп, адам өмүрүн алган окуялар көп катталып жатканы тууралуу маселе көтөрдү.

Парламенттин 1-апрелдеги жыйынында ал ылдамдыкты ашырууга тыюу салган көзөмөл камераларын көбөйтүүнү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн өтүндү.

"Бул жолдо адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары аябай көп катталып жатканын жашоочулар улам айтып келишет. Ошондуктан Бишкек – Кара-Балта жолундагы унаа ылдамдыгын көзөмөлдөгөн камераларды көбөйтүү керек. Жакында Сокулукта жөө өтмөктөн өтүп бараткан окуучу кызды катуу келе жаткан унаа коюп кетип, каза болду. Мындай кайгылуу учурлар ал тилкеде көп катталат экен. Ушуну тиешелүү тараптарга жеткирип койсоңуз", - деди Ханжеза.

23-мартта күндүз жолдогу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бараткан окуучу кызды катуу келе жаткан жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Секелек ошол жерден көз жумган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG