Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:25

ИИМ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиевди кармады

Шаирбек Ташиев. ИИМ жарыялаган сүрөт.
Шаирбек Ташиев. ИИМ жарыялаган сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевди “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу кармады.

“Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иликтөө материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде “Кыргызнефтегаз” ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан - мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген Шаирбек Ташиев кармалды”, – деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

17-мартта ИИМ Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин Шаирбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө кызматында бир нече жолу сурак берип чыккан.

16-мартта Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда аталган мекеме мунай өндүрүп, сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттер аныкталганын, ал схемаларга атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев башында турган туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 17-мартта Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Салык кызматы тараткан маалыматтарды четке каккан.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Ал буга чейин "Азаттыкка" берген маегинде мыйзамсыз иштерге аралашпаганын, укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп берүүгө даяр экенин айткан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.(BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG