Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сагынбек Самидин уулу юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.
51 жаштагы Сагынбек Самидин уулу 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Укук таануу” адистиги боюнча аяктаган. Юстиция министрлиги ал 25 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келатканын билдирди. Юстициянын полковниги аскердик наамы бар.
Сагынбек Самидин уулу коомчулукка Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция тууралуу журналисттерге кабар берип, 2019-жылы Стамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин тергелиши жөнүндө маалымат берип келгени менен белгилүү.
Ал УКМКнын Тергөө башкармалыгында жетекчинин орун басары, башчы болуп иштеп турганда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук жана башка коррупцияга байланышкан иштердин иликтенишинин башында турган. Сагынбек Самидин уулу кызматтан 2021-жылы алынган. (BTo)
Шерине