Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Хегсет: Алдыдагы бир нече күн Ирандагы согушта чечүүчү болот

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет. Вашингтон, 31-март, 2026-жыл
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет. Вашингтон, 31-март, 2026-жыл

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иранга каршы операцияга байкоо салуу үчүн 28-мартта Жакынкы Чыгышта жайгашкан америкалык аскерлерге барып кеткенин билдирди. Ошол эле маалда шейшемби күнкү маалымат жыйынында Пентагондун башчысы кайсы өлкөгө барганын тактаган жок.

Анын айтымында, АКШнын соккулары Ирандын аскердик дараметин кыйла чектеди жана акыркы 24 саатта Иран аткан ракеталардын саны азайды.

Хегсет алдыдагы бир нече күн “чечүүчү” болорун кошумчалады.

Ал ошондой эле чалгынчылардын маалыматына таянып, ирандык аскерлер алсыраганын, моралдык абалы начарлаганын, жоокерлер тартыш болуп жатканын жана дезертирлер көбөйгөнүн айтты.

Министр АКШ аскердик жактан үстөмдүккө ээ болгонун белгилеп, Ирандын мүмкүнчүлүктөрү барган сайын чектелип жатканын болжолдоду.

Хегсет президент Дональд Трамп келишим түзүүгө даяр, бирок макулдашууга жетишилбесе, аскердик операция уланат деп эскертти.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG