Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Трамп Ирандын чечим кабыл алууга 48 сааты калганын эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп ишембиде Иранга койгон шартын эске салып, Тегерандан 48 сааттын ичинде АКШ менен “келишим түзүү” же Ормуз кысыгын кемелердин эркин каттамы үчүн ачуу талабын кайталады. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагына жазып, эгер Иран талаптарга макул болбосо, ага “тозок оту каптайт” деп коркутту. Трамп Пасха күнү жазылган билдирүүсүн “Кудайга даңк!” деп аяктаган.

АКШ президенти буга чейин Иранга 10 күн убакыт бергенин жана ал убакыт бүтүп баратканын эске салды.

22-мартка караган түнү Трамп Иранга алгачкы жолу шарт коюп, Ормуз кысыгын кеме каттамы үчүн толук жана чектөөсүз ачууга 48 саат берген. Эгер бул ишке ашпаса, америкалык аскерлер Ирандын энергетикалык объектилеринин эң ирилерине кол сала баштай турганын билдирген.

Кийинки күнү АКШ президенти Иран сүйлөшүүлөргө киргенин кабарлап, Тегеранга кошумча беш күн берген. Кийинчерээк бул мөөнөт дагы жылдырылган. Трамп бир жагынан сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын жана ирандык өкүлдөр “келишим түзүүнү” каалап жатышканын айтса, экинчи жагынан “келишим” болбосо, Иранды оор кесепеттер күтөрүн эскертип келүүдө.

Иран бийлиги сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты расмий түрдө четке кагууда, ошол эле учурда тараптар ортомчулар, биринчи кезекте Пакистан жана Түркия аркылуу билдирүүлөрдү алмашып жатканын моюнга алат. Тегеранда муну сүйлөшүү деп эсептешпейт. Ал жакта АКШнын азыркы талаптарына макул эместигин, каршы талаптарды коюп жатышканын, ошондой эле электр станцияларына сокку урулган учурда Перс булуңундагы АКШ менен кызматташкан өлкөлөрдүн энергетикалык объекттерин иштен чыгара турганын белгилешүүдө.

Трамптын акыркы билдирүүсүнө Иран азырынча комментарий бере элек.

Бир күн мурун Ирандын үстүнөн америкалык F-15E кыргын салуучу учагы атып түшүрүлдү жана бул согуш башталгандан берки алгачкы окуя болуп калды. Учкучтардын бирин издөө иштери уланууда, экинчиси куткарылды. Израил менен АКШ Иранга сокку урууну улантууда, ал эми Иран аймактагы өлкөлөргө сокку урууда.

Иран 28-февралда АКШ менен Израилдин өлкөгө соккулары башталгандан кийин Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылын иш жүзүндө токтотуп койгон. Reuters агенттиги ишемби күнү америкалык чалгын кызматына таянып билдиргендей, АКШ атайын кызматтарынын божомолу боюнча Иран жакын арада Ормуз кысыгы толук ачышы күмөн. Анткени аны көзөмөлдөө Тегеран үчүн АКШга таасир этүүнүн жалгыз реалдуу куралы болуп турат. Трамп Ирандан Ормуз кысыгын ачууну талап кылууда, ошону менен бирге ал Иранга каршы кампания кысыкты ачуу боюнча келишимсиз эле аякташы мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Трамптын пикиринде, Ормуз кысыгынан кемелердин өтүшүн камсыздоо маселесин буга эң көп муктаж болгон өлкөлөр чечүүгө аракет кылышы керек. Бул кысык дүйнөгө мунай жана газ жеткирүүдө өтө маанилүү ролду ойнойт, ошол себептен согуш башталгандан бери күйүүчү майдын баасы кескин өсүп кетти.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG