Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Орусиялык дрондор Одессаны кайрадан жапырт аткылашты

Одесса орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 6-апрель 2026-жыл.
Одесса орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 6-апрель 2026-жыл.

Орусиянын аскерлери 8-апрелге караган түнү Одесса облусуна жапырт сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди.

Облус администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына ылайык, кампалар, чарбалык жайлар өңдүү жарандык жана порт инфраструктурасы зыян тартты.

Баштапкы маалымат боюнча эч ким жабыркаган жок. Одесса 6-апрелде да орус аскерлеринин катуу соккусуна кабылган.

Чукул кырдаалдар кызматы Харьков облусундагы жарандык ишканада аткылоодон кийин тутанган өрттү өчүрүүгө да тартылды. Маалыматтарга караганда, Мерефа шаарындагы мунай иштетүүчү ишкана чабуулга туш болгон.

Бир нече облуста энергетика инфраструктурасы бутага алынып, Запорожье, Днепропетровск, Харьков жана Сумыда калк электр жарыгысыз калганы кабарланды. Киевде да электр энергиясы үзүл-кесил берилүүдө. "Укрэнерго" компаниясы мүмкүн болгон жерде адистер иштеп жатканын маалымдады.

Украин куралдуу күчтөрү шаршембиге караган түнү Орусиянын армиясы 176 дрон менен сокку урганын, 146сы атып түшүрүлгөнүн билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG