Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-апрелде дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүүгө арналган жыйын өткөрдү. Катышуучулар спорт менен машыгууга үгүттөө, калктын ден соолугун жакшыртуу жана дене тарбия системасын реформалоо маселелерин талкуулашты.
Эми маалелерде массалык спортко тартылган тургундардын саны гана эмес элдин саламаттык көрсөткүчтөрү эске алынмакчы.
Мындан тышкары сергек жашоону жайылткан ыктыярчылар топтору пайда болот.
Жыйында президент кайрадан аткаминерлерди спорт менен машыгууга чакырды.
Жаңы эрежелерге ылайык, министрлер, мекеме жана банк жетекчилери, аймак акимдери кол астындагы кызматкерлерге өздөрү үлгү болушу керек. Бул үчүн аптасына бир жолу Спорт күнү киргизилет. Жыл сайын министрликтер, мекемелер, акимиат, банктар арасында жалпы республикалык жарыштар өткөрүлүп турмакчы.
Буга чейин маалымат каражаттары Мирзиёевдин буйругу менен мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын медициналык текшерүүдөн өтүп турууга милдеттендирилгенин жазышкан. Андан тышкары аткаминерлер тамактанган ашканаларда майлуу, таттуу азыктар азайтылары маалымдалган.
Мындан 8 жыл мурун өзбек президенти ашыкча салмактагы адамдардын көбөйүшүнө тынчсыздануусун биринчи жолу билдирген.
2019-жылы Германиядагы Йена университетинин изилдөөчүлөрү Өзбекстанды туура эмес тамактануудан улам каза тапкандардын саны жагынан биринчи сапка койгон.
Шерине