Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 10-апрелде билдирди.
Кубатов буга чейин Альпинизм федерациясынын президенти болуп келген.
Президент Садыр Жапаров 31-мартта Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жаңы түзүм Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле аталган министрликтин туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү функцияларынын негизинде түзүлдү.
Буга байланыштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы да өзгөртүлгөнү кабарланган.(ZKo)
Шерине