Орусиянын президенти Владимир Путин 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин "пасхалык тынчтык" жарыялады.
Кремлдин маалыматына караганда, коргоо министри Андрей Белоусовго бул мөөнөттө бардык багыттар боюнча согуштук аракеттерди токтотуу буйрулду.
"Украина тарап дагы Орусиядан үлгү алат деп болжолдойбуз", - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Пасханын алдында ок атышпоо сунушун берген. 9-апрелде эртең менен Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе боюнча чечим чыга электигин айткан.
Украинанын президенти Москва Пасха майрамына карата атышпоо жарыялагандан кийин Киев "жооп кадам" жасоого даяр экенин билдирди. "Орусия Пасха майрамынан кийин дагы аткылоону улантпоого мүмкүнчүлүгү бар", - деп баса белгиледи Зеленский.
Былтыркы Пасхада да Орусиянын президенти "майрамдык тынчтык" жарыялаган. Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышпоо режими Украина тараптан "шарт аткарылса" сакталарын билдирген. Зеленский эгер Орусия фронтто толук тынчтыкты сактоого даяр болсо Украина ага жараша жооп кыларын билдирген. Жыйынтыгында тараптар бири-бирин "келишимди бузду" деп айыпташкан.
2023-жылы январда орус президенти Коргоо министрлигине православдардын Рождество майрамы учурунда бардык фронт линияларында ок атпоону буйруган. Бирок иш жүзүндө андай болгон эмес.
Быйыл католиктер Пасханы 5-апрелде, православ чиркөөсү 12-апрелде белгилөөдө.
Шерине