Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Жапаров мектеп тартыштыгы 2030-жылга барып чечилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Ошто мектептин курулушун баштоо иш-чарасында. 2026-жылдын 10-апрели.
Президент Садыр Жапаров Ошто мектептин курулушун баштоо иш-чарасында. 2026-жылдын 10-апрели.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусундагы иш сапары алкагында Ош шаарында пландалган 10 мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Президент мугалимдер менен жолугуп, чакан баарлашууда 2030-жылга чейин өлкөдө мектеп тартыштыгы чечилерин, бир класста 40-50 окуган көрүнүш болбой турганын айтты.

Жапаров иш сапары менен Ош облусуна бүгүн, 10-апрелде барды.

Мамлекет башчынын облустагы сапары 15-апрелге чейин уланат. Бул убакытта ал Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барып, айрым имараттардын курулушу менен таанышып, кээ бирлеринин ачылышына катышат.

Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG