Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Жаш курак боюнча пенсиялык жаңы система 1-июлдан тартып ишке кирет

Автоматташтырылган системанын долбоору. 29-январь, 2026-жыл.
Автоматташтырылган системанын долбоору. 29-январь, 2026-жыл.

Кыргызстанда жарандардын жаш курагы боюнча пенсияга чыгуусун онлайн форматта ишке ашыруучу жаңы система 1-июлдан тартып ишке кирет.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, бул автоматташтырылган маалыматтык системага ылайык, жарандар пенсияга чыгуу үчүн мурункудай эмгек стажын далилдеген жана башка документтерди чогултуудан бошотулат.

Ошондой эле пенсияга чыгууга арыз жазуу үчүн Соцфондго баруунун да зарылчылыгы жок болот.

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу кызматкери Жеңиш Муканбетовдун журналисттерге билдиргенине караганда, система "Түндүк" тиркемеси аркылуу ишке ашат.

"Жарандардын пенсиялык жаш курагы жеткенде - эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка чыкканда, эгерде кеминде алты жылдык эмгек стажы бар болсо, аларга тиркеме аркылуу маалымат келет. Маалыматта аларга пенсияга чыгуу укугу келгени маалымдалып, макулдугу суралат. Пенсияга чыккысы келген жаран макулдугун бергенден кийин ага пенсия чегерилет. Эч кандай документ чогултуунун кереги жок", - деди Муканбетов.

Маалыматка ылайык, азырынча жаңы система жаш курагы боюнча пенсия чегерүүгө гана ылайыкташтырылган, жеңилдетилген жол менен пенсия чегерүү үчүн кошумча документтер талап кылынат. Мисалы, беш баласы бар энелерге 53 жаштан пенсияга чыгуу үчүн балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү талап кылынат.

Быйыл июль айынан тартып жарандар "Түндүк" тиркемеси аркылуу гана пенсияга чыгып, пенсиясын алуучу банк картасын да "Түндүктөн" буйрутма берип алышарын буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев өкмөттө билдирген.

Социалдык фонддун маалыматына караганда 2025-жылы пенсия төлөөгө 110 млрд сом сарпталган. 2026-жылга 137 млрд сом каралган.

Кыргызстанда мыйзам боюнча аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алышат. 2024-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, минималдык эмгек тажрыйба алты жыл болушу керек.

Учурда Кыргызстанда 815 миңден ашуун пенсионер бар. Өлкөдөгү эң аз пенсия 7100 сом. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG