Орусияда Telegram мессенжерин бөгөттөө буга чейин болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Бул тууралуу кардарлардын маалыматтарына таянып байкоо жүргүзгөн долбоорлор кабарлашууда.
"Агентство" OONI долбооруна шилтеме менен жазгандай, 10-апрелде эртең менен мессенжер нормалдуу иштеген көрсөткүч 5% гана түздү. Маалыматка караганда, Telegram Орусияда расмий блоктолгон WhatsApp жана Signal менен салыштырганда көбүрөөк бөгөттөлүүдө.
Даттануулар өлкөнүн бүт региондорунан, Санкт-Петербург жана Москва шаарларынан түшүп жатканы кабарланууда.
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва Meta компаниясын экстремисттик деп таанып, Facebook социалдык тармагына кирүү мүмкүн болбой калган.
Былтыр августта Telegram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши бөгөттөлгөндө Москва алар өлкөнүн мыйзамдарын аткарбай жатат деп айыптап, мындай чара кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында көрүлүп жатканын түшүндүргөн. Ал эми сервистердин өкүлдөрү дооматты четке кагып, мындай кадамдардын кесепети орусиялык жарандарга тийип жатканын кайталоодо.
Telegram'дын ээси Павел Дуров 10-февралда жазгандай, орус бийлиги мессенжерди “жарандарды аңдуу жана саясий цензура үчүн жасалган мамлекет көзөмөлдөгөн тиркемеге өткөрүү аракетинде” блоктоп жатат.
Декабрдын башында орус өкмөтү FaceTime тиркемесин жана SnapChat мессенжерин бөгөттөгөн. Ал жолу да мындай чектөө террорчулук, көз боемочулук жана башка кибер кылмыштарга каршы күрөшүү чарасы катары түшүндүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, WhatsApp'тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион адамга, ал эми Telegram'дыкы болсо 90 миллиондон ашык. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.
Кыргызстандык айрым мигранттар жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын, ал эми ишкерлер соода-сатык жүргүзгөн Орусиядагы кардарлары менен байланыша албаганын айтышкан.
Шерине