Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

БШК №19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңешке №19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды. Жунусалиев арызын 10-апрелде жазганы белгилүү болду.

8-апрелде БШК аталган округдан шайланып келген Абдылдабек Эгембердиевди өзүнүн жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Ал өзү арыз жазууга эмне себеп болгонун айта элек.

№19 шайлоо округу боюнча Эгембердиевден (5 316) кийин Рамис Жунусалиев (4 767) көп добуш алган. Жунусалиев былтыр декабрда алдамчылыкка шек саналып, камакка алынганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлаган. Маалымат боюнча өзү же адвокаты комментарий берген эмес.

Бул округдан көп добуш алгандардын тизмесинде кийинки орунда Улан Сариев (4 746) турат. БШК Сариевге мандат берилеби, жокпу маалымат бере элек.

2023-жылы 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Анда талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Мунун алдында 2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат келип түшкөн. Талапкер коюлган дооматты четке каккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG