Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Алайда өзүн атты делген жоокер эсине келе элек, абалы оор бойдон

Алай райондук ооруканасы.
Алай райондук ооруканасы.

Чек ара кызматынын Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан 22 жаштагы жоокер эсине келе элек. Алай райондук ооруканасынын башкы дарыгери Дайыр Адыровдун “Азаттыкка” айтымында, жоокердин “алган жарааты өтө оор болгону үчүн аппаратта жатат”.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Алай районундагы иш сапары учурунда 8-апрелде жоокерден кабар алган. Бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берген.

Учурда бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө.

Маалыматка ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер 7-апрель күнү өзүнө аткан, ок ээктин алдынан кирип, көз тушунан чыгып кеткен. Жаагы, баш сөөктөрү жабыркаган.

Ал аталган өткөрүү пунктунда келишимдик негизде үч жылдан бери кызмат өтөп жаткан.

Мамлекеттик Чек ара кызматы жоокер өзүн өзү атып алган деп 8-апрелде кабарлаган.

"И. уулу А. (2004-жылы туулган) АК-74 автоматы менен башына ок чыгарып, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды", - деп билдирген Чек ара кызматы.

Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүрүүдө. (КЕ/NK)

Шерине

XS
SM
MD
LG