Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

Өзбекстанда балдар бакчасынын тарбиячысы камакка алынды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Навои шаарындагы менчик бала бакчанын тарбиячысы балдарга орой мамиле кылганы жана сабаганы үчүн кармалып, тергөө абагына камалды. Бул тууралуу жергиликтүү Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү башкармалыгы маалымдады.

Окуя 7-апрель күнү Навои шаарынын Янгиарык маалесиндеги "Amin kids" деп аталган менчик бала бакчасында болгон. 23 жаштагы тарбиячы "тартипке келтирүү" үчүн балдарды сабаган. Соцтармактарга тараган видеодо тарбиячы аял балдарга кыйкырып, аларды жулкуп, уруп жана тээп жатканы тартылган.

Маалыматта текшерүү учурунда ал март айынан бери балдардын алсыздыгынан пайдаланып, аларга такай кол көтөрүп келгени айтылган.

Тарбиячыга Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 110-беренеси ("Кыйноо") менен кылмыш иши козголуп, кармалган. Ал иштеген бала бакчанын иши токтотулган.

Бир нече күн мурун Ташкент облусундагы Ахангаран шаарында да бала бакчанын тарбиячысы балдарга орой мамилеси үчүн иштен бошотулган. Ал түшкү уйку учурунда уктабаган баланы телефонуна тартып, аны шылдыңдаган, кемсинткен сөздөрдү айтканы соцтармактарга тараган.

Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү министрлиги бул окуяга байланыштуу бала бакчалардын эмгек жамааттарын балдардын коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырган.

Эки ай мурун "Азаттык Азия" Ташкент облусундагы Чирчик шаарында майыптыгы бар балдарга катаал мамиле кылганы үчүн бала бакчанын тарбиячысы иштен кетирилгенин маалымдаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG