Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги отурумунда күч кызматтарында иштеп жүрүп пенсияга чыккан ардагерлердин пенсиясын көбөйтүү жөнүндөгү маселе көтөрүлдү. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков акыркы жылдары өлкөдө пенсия кыйла көбөйгөнүн айтып, бирок милиция ардагерлериники дээрлик ошо бойдон калып жатканын белгиледи.
"Биз бул маселени буга чейин деле көтөрдүк эле. Комиссия да түзүлгөн, бирок анын ишинин жыйынтыгы белгисиз. Ардагерлердин кызматын унутпайлы. Аларды колдоп, пенсия маселесин чечиш керек", - деди Өмүрзаков.
Депутат күч кызматтарынын ардагерлерине башка пенсионерлердей "Тулпар" картасы менен коомдук муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу да берилбегенин айтып, Министрлер кабинетинен ушул маселени да чечүүнү суранды.
Күч кызматтарынын ардагерлеринин пенсия маселеси парламентте былтыр сентябрь айында да көтөрүлгөн. Ал кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу маселе бийликтин көңүл борборунда экенин, жакын арада чечилерин билдирген.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, күч кызматтарында иштегендер тармакта 20 жыл эмгектенгенден кийин жаш курагына карабастан пенсияга чыгышат. (ZKo)
Шерине