Орусиянын Мамлекеттик думасы башка өлкөлөрдө камалган, соттук жана башка куугунтукка кабылган орус жарандарын коргоо үчүн армияны колдонууга жол ачкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Документти депутаттардын кароосуна өкмөт киргизген. Ага ылайык, президентке орус жарандарын чет өлкөлүк жана Орусиянын катышуусуз ыйгарым берилген эл аралык соттордон коргоо үчүн аскерлерди пайдалануу укугу берилмекчи. Андан тышкары президенттин чечими менен мамлекеттик органдар чет жактарда сот жообуна тартылган жарандарды коргоо үчүн зарыл чараларды кабыл алышат.
Армия кандайча колдонулары документте такталган эмес.
Азыркы мыйзамда куралдуу күчтөрдү чет өлкөлөрдөгү операцияларга тартуу үчүн мамлекет башчы Федерация кеңешинин уруксатын алууга тийиш. 2022-жылы Украинага басып кирүү алдында орус парламентинин жогорку палатасы ошондой уруксат берген.
Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окуудан качан өтөрү маалымдалган жок.
Шерине