Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоорунун алкагында туннелдердин курулушу жүрүп жатканын билдирди. Министрликтин маалыматында долбоордо 29 туннелдин курулушу каралган жана алардын жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөт. Ушул тапта бардык туннелдерде, анын ичинде узундугу 5 км ашкан 8 туннелде жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоорунун алкагында жалпы үч чоң - Нарын №1, Кош-Дөбө жана Фергана туннелдеринин курулушу пландалган. Алардын ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат.
2024-жылдын 27-декабрында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган.
Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы 6-июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.
Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.
Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 530 чакырымды түзсө, 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө болот. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (BTo)
Шерине