Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

18-апрелдин аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайт

Кыргызгидрометеорология кызматы билдиргендей, 17-апрелде туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

18-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана күндүз бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17

Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 14…16° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG