Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева 17-апрелде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматында суракта болду. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева 17-апрелдин кечинде Инстаграм баракчасына жазды.
"Апамды кое беришти. Эми бир тууганым Кадырды бошотушун күтүп жатабыз", - деп жазды Алия Шагиева.
Раиса Атамбаева ИИМге суракка 17-апрелде саат 17:00гө чакырылганы кабарланган.
Мурдагы президенттин жубайы суракка кандай негизде чакырылганы тууралуу ИИМ маалымат бере элек.
2025-жылдын 22-ноябрында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй ИИМ Темирлан Султанбеков жапырт башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
Ушундан кийин ИИМ 10 адамды кармаган. Алардын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.
Атазов менен Кадыров кийин үй камагына чыккан.
Ушул окуялардын фонунда Раиса Атамбаева дагы суракка чакырылган. (ZКo)
Шерине