Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде курулуш тармагында өсүш 29,6%, өнөр жайдагы өсүш 14% түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 20-апрелде аппараттык кеңешме өткөргөн учурда айтылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1% көбөйүп, 428,6 млрд сомду түзгөн. Өкмөттүн маалыматына караганда, өсүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 7,7%, айыл чарбада 2,8% түздү. Министрлер кабинети дээрлик бардык тармактарда өсүү болгонун белгилеп, негизги капиталдык инвестициянын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5%көбөйгөнүн белгилеген.
Адылбек Касымалиев Вашингтонго болгон жумуш сапарынын жыйынтыгын чыгарып, эл аралык каржы институттары жана технологиялык корпорациялар менен негизги макулдашууларга жетишилгенин билдирди.
Кыргыз өкмөтү 2025-жылы экономика 10% ашык өсүп, бюджеттин капчыгы 1 трлн сомдон ашканын жар салган. Жаңы ишканалар ачылып, турак жай курулуп, маяна, пенсия, жөлөкпул бир кыйла өскөнүн айтып келет.
Экономикалык талдоочулар сандардын артынан түшпөй, мамлекеттин каражатын натыйжалуу долбоорлорго жумшоо зарылдыгын белгилеп келишет. (КЕ)
Дагы караңыз
Шерине