Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

"Ред Петролеумдун" жетекчиси Акылбек Маматов тил кат менен абактан чыкты

Акылбек Маматов.
Акылбек Маматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен абактан бошотту. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлады. Маматовдун бөгөт чарасы 17-апрелде каралган.

“Ред Петролеум” мунай компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовду 13-апрелде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери кармаганы айтылган.

Булардан сырткары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров, андан тышкары Кубанычбек Чакибаев кармалганы белгилүү болгон. Биринчи май райондук соту аларды да 13-июнга чейин камакка алган. Буларга “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.

Социалдык тармактарда Маматовдун кармалышын "Кыргызнефтегаз” ишине байланыштыргандар болууда. Бул мамлекеттик ишканада жемкорлук аныкталганы расмий айтылып, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары шектелүүдө.

Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган “Клооп” басылмасы былтыр ноябрда Маматов менен Ташиевдердин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Акылбек Маматов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу. "Ред Петролеум" компаниясы 2015-2020-жылдар аралыгында мунай ташууга 3900дөй мамлекеттик келишим түзүп, 1 млрд сомдон ашык пайда тапканы журналисттик иликтөөдө айтылган. Буга атасы Абдимуктар Маматовдун Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши байланыштырылган.

Атасы ага чейин бир нече мунай компаниясында иштеген. Журналисттер ал ишканалар Ташиевдерге тиешеси болгонун жазган.

Абдимуктар Маматов уулунун кармалышы жана Ташиевдерге тиешеси тууралуу так жооп берген эмес. (КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG