Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Трамп: АКШ делегациясы Иран менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга жөнөдү

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын өкүлдөрү Иран менен тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычына катышуу үчүн Пакистандын борбору Исламабадга жөнөдү. Бул тууралуу жекшембиде АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth соцтармагына жазды. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 20-апрелде өтөт. Иран тарап азырынча муну бышыктай элек. Маалыматтарга караганда, Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

11-апрелде Исламабадда көп жылдардан бери алгачкы жолу АКШ менен Ирандын ортосунда түз сүйлөшүүлөр эки жумалык ок атышпоо жарыялангандан кийин болгон. Тараптар анда мунасага келе алган эмес, бирок акыркы күндөрү жаңы жолугушууга даярдык туралуу маалыматтар пайда болгон.

Трамп жазгандай, АКШ Иранга "абдан адилеттүү жана акылга сыярлык келишим" сунуштоодо, бирок андан баш тартса "Ирандагы бардык электрстанцияларды жана көпүрөлөрдү" жок кылууга даяр.

CNN каналынын маалыматына караганда, АКШнын делегациясына вице-президент Жей Ди Вэнс, Трамптын атайын чабармандары Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнер кирди.

Ирандын расмийлери же бийликке ыктаган маалымат агенттиктери жекшембиде маалымдагандай, Тегеран азырынча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундуна катышуу боюнча чечим кабыл ала элек. IRNA агенттиги АКШнын "жогорку талаптарынан" улам учурда "жемиштүү сүйлөшүүлөр үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок" экенин белгиледи. Иран делегациясынын башчысы, өлкө парламентинин спикери Мохаммад Галибаф сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "жылыш" болгонун, бирок маанилүү маселелер боюнча пикир келишпестик бар экенин 19-апрелде айтты.

Сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселе - Ирандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгынын макамы. Өткөн аптада Иран кысыкты жарандык кемелер үчүн ачканын билдирип, бирок бир күн өтпөй кайра жапкан. АКШ өз кезегинде Ирандын портторун бөгөттөөнү улантууда.

АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Буга Ирандын өзөктүк жана ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу максатын жүйө келтирген. Ирандын бийлик башында турган бир нече киши өлтүрүлгөн. Иран ага каршы Перс булуңундагы башка өлкөлөрдү - АКШнын союздаштарын аткылап, Ормуз кысыгын жаап салган.

Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн арачылыгы менен жетишилген эки жумалык ок атышууларды убактылуу токтотуу келишими 22-апрелде аягына чыгат.

Шерине

XS
SM
MD
LG