Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Жапаров Кыргызстан виртуалдык актив, Web3 технологиясынын хабына айланарын айтты

Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан. Бишкек. 18-апрель, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан. Бишкек. 18-апрель, 2026-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан менен жолугушту. Анда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү талкууланганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров былтыр Кыргызстанда Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүнө токтолду:

“Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды”.

Мамлекет башчы ачык мамлекеттик саясат өлкөгө ири технологиялык компанияларды жана дүйнөлүк эксперттерди тартууга шарт түзгөнүн белгилеп, TRON негиздөөчүсүнүн сапары мунун ачык далили экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу максаты бардыгын ачыктады. Буга негиз катары Chainalysis глобалдык индекси боюнча Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу деңгээли боюнча дүйнөдө 19-орунда турарын жана жана Борбор Азияда лидерлик кыларын белгиледи.

Жапаров жыл башында “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилгенин, жакында виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталары күтүлүп жатканын маалымдады.

Өз кезегинде Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрөрүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу пландары жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, блокчейн технологияларын жана жасалма интеллектти киргизүүгө багытталган программаларды илгерилетүүгө көмөктөшүү ниети жөнүндө айтып берди.

Жыйынтыгында президент Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке натыйжалуу кызматташууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камсыздоону тапшырды.

Кыргызстанда криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. (ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG