Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Милиция Бишкектеги коопсуздукту атайын технологиянын жардамы менен көзөмөлдөп жатканын билдирди

ШИИБдин Кырдаал борбору. ШИИБдин сүрөтү Апрель, 2026-жыл.
ШИИБдин Кырдаал борбору. ШИИБдин сүрөтү Апрель, 2026-жыл.

Бишкектин ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Коомдук коопсуздук кызматынын кырдаал борбору шаардагы коопсуздукту атайын технологиялардын жардамында күнү-түнү көзөмөлдөп жатат. Бул “Коопсуз шаар - коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жүрүп жатканын милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбо заманбап видеокөзөмөл системалары аркылуу сутка бою жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин камсыздайт. Байкоо камералары адамдар көп топтолуучу борбордук көчөлөрдө, сейил бактарда, түнкү клубдардын айланасында, ошондой эле соода-көңүл ачуу борборлорунда орнотулган.

“Борбордун кызматкерлери абалды көзөмөлдөп, укук бузууларды жана шектүү аракеттерди аныкташат. Эгерде мыйзам бузуу катталса, маалымат дароо милициянын жакынкы кайгуул топторуна жөнөтүлөт. Сигналды алган кайгуул кызматкерлер ыкчам түрдө окуя болгон жерге жетип, тиешелүү чараларды көрүшөт жана укук бузгандарды кармашат. Мындай ыкчам жана координацияланган иш укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштарды ачуу натыйжалуулугун жогорулатат”, - деп белгиленген анда.

ШИИБдин Кырдаал борборунун видеокөзөмөлүнө түшкөн окуя. ШИИБдин сүрөтү Апрель, 2026-жыл.
ШИИБдин Кырдаал борборунун видеокөзөмөлүнө түшкөн окуя. ШИИБдин сүрөтү Апрель, 2026-жыл.

ИИМдин маалыматына караганда, "Коопсуз шаар -коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулган. Бул милицияга Бишкектен туруп аймактардагы коопсуздукту көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрү айтылган.

“Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө максатында ишке кирген. Анын алкагында Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG