Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Иран Ормуз кысыгын кайра жаап, буга АКШны айыптады

Ормуз кысыгындагы кемелер. (архив)
Ормуз кысыгындагы кемелер. (архив)

Ирандын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгы АКШнын деңизди бөгөттөөсү уланып жаткандыктан кайрадан жабылганын билдирди. Борбордук штаб өкүлү маалымдагандай, кысыкты көзөмөлдөө "мурдагы калыбына келди" жана ирандык аскерлердин "катуу көзөмөлү жана башкаруусунда турат".

Тегеран кысыктагы чектөөлөр Вашингтон Ирандын портторун бөгөттөөдөн баш тартмайынча алынбасын белгилөөдө.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө кысык аркылуу кемелер өтүүсү үчүн төрт негизги эреже белгиленген:

- Жарандык кемелер Иран аныктаган багыт менен гана жүрөт
- Бардык кыймыл сакчылар корпусу менен алдын ала макулдашылуусу тийиш
- кысыктан өтүүгө аскер кемелерине уруксат жок
- кысыктан өтүү ок атуу токтотулган учурда гана мүмкүн.

Бир күн мурун Иран Ормуз кысыгын ачканын жарыялаган. Натыйжада дүйнөлүк базарда мунайдын баасы 10% арзандады.

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жетишмейинче Ирандын порттору бөгөттөлө берерин маалымдаган.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралдан бери Тегеран дүйнөлүк базардагы мунай менен газдын 20 пайыздайы ташылган Ормузду жапкан.

Кысыктын жабылышынан мунай жана газдын дүйнөлүк баасы жогорулаган.

Ормуз жабылгандан кийин ирандык аскерлер чет өлкөлүк кемелерден кысыктан өткөнү үчүн акы ала баштаган.

Ормузду ачуу тууралуу Исламабаддагы сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес, 13-апрелде АКШнын аскерлери Ирандын портторун бөгөттөй баштаган. Алар Иран портторуна бара жаткан же кайткан кемелерди Перс булуңуна өткөрбөй коюшкан. Америкалык аскерлер ошондой эле аймактагы башка өлкөлөргө жүк алып бараткан кемелерди да тосушкан.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG