Бишкекте 18-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча жакында гана акталган 27 саясатчы, активист түлөө өткөрдү. Ага Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Исхак Масалиев баштаган бир катар саясатчылар, укук коргоочулар жана акталгандардын жакындары катышты.
Түлөө учурунда акталгандардын айрымдары мамлекеттин бүтүндүгү үчүн абакта отурушканын, бирок мамлекетти басып алуу же бийликти кулатуу максаты болбогонун белгилешти.
Саясатчы Азимбек Бекназаров түлөө өткөрүү максаты абакта отурган кезде эле болгонун айтты.
“Аман-эсен чыксак бир түлөө өткөрөбүз дегенбиз. Биз акталдык. Кыйынчылыкта турганда бизди 16 депутат колдоду. Журналисттер, блогерлер биз деп атып айрымдары да камалды. Бир жыл райондук сотто, 1,5 жыл шаардык сотто жабык каралды. Анда эмнелер болгонун силер көргөн жоксуңар, ыйладык, айрымдарыбызды сотко ооруп жаткан жеринен көтөрүп келип атышты. Кыргыз жеринде акыйкаттык болсун, биздин түлөө акыйкаттыктын түлөөсү болсун. Кемпир-Абад кетти, аны кайрый албайбыз. Эми Кемпир-Абадды илимпоздор, тарыхчылар изилдесин, бул тарыхта калсын”,-деди Азимбек Бекназаров.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМтин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.
Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Айыпталуучулардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө каралды.
Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши да өзүнчө өндүрүшкө алынган.
2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот быйыл 27-мартта 21 кишини актады. Райондук соттон акталган 22 кишинин бири - активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болгон.
Айыпталуучулардын арасынан азыркы тапта саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта, ал Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айында камакка алынган, бул айыпка байланыштуу соттук териштирүүсү аяктай элек.
2023-жылдын 27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкек сапары учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаров эки коңшу өлкө чек ара маселесинде диалогго жана чечим кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген:
"Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем".
Ошол эле күнү тийиштүү келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жараяны ишке ашкан. (KS/ZКo)
Шерине