Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:04

Йемендик хусилер Баб-эль-Мандаб кысыгын жабарын эскертти

Ормуз кысыгы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ормуз кысыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Йемендеги хусилер АКШ президенти Дональд Трамп "тынчтыкка бут тосуучу аракеттерин" токтотпосо, Баб-эль-Мандаб кысыгын жабарын эскертти. Мындай билдирүүнү хусилердин өкүлү Хусейн аль-Эззи жасады.

Анын сөзүнө караганда, эгер бул чечим ишке ашчу болсо, эч ким аны ача албайт.

"Ошондуктан, "Трамп жана аны колдогон өлкөлөр тынчтыкка тоскоол болгон саясатын дароо токтотуп, элибиздин жана өлкөбүздүн укуктарын сыйлашы керек", - деди аль-Эззи.

Баб-эль-Мандаб кысыгы Кызыл деңизди Аден булуңу менен байланыштырат. Кысыктан болжол менен деңиз аркылуу ташылган мунайдын 12% жана суюлтулган газдын 8% өтөт.

Иран колдогон хусилердин "Ансар Алла" тобу Йемендин борбор калаасы Сананы жана башка басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт.

17-апрелде Израил менен Ливан ок атышпоону макулдашканда Иран Ормуз кысыгын ачканын жарыялаган, бирок кийинки күнү кайрадан жаап, буга АКШнын ирандык портторду бөгөттөөсүн токтотпогонун себеп кылган. Тегеран чектөөлөр Вашингтон портторду бөгөттөөдөн толук баш тармайынча алынбасын билдирген. Ошол эле күнү Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган кеминде эки танкер аткылоого дуушар болгону белгилүү болду.

Ормуз кысыгынан дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылат. Кысыктын жабылышы дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташына алып келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG