Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Министрлик дарыгердин айлыгы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлык акысына байланыштуу социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди. Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык анализдөө башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева соцтармактарда жарыяланган квитанция тууралуу маалымат март айынын айлыгы экенин, ал эми жогорулатылган маяна 1-апрелден тартып эсептелип, айдын соңунда берилерин билдирди.

"Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты. Бирок анда март айына эсептелген эмгек акы көрсөтүлгөн. Тараган квитанцияда толук эмес, 0,5 иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай айлык 8617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7 500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго жетет", - деди Өскөнбаева.

Мунун алдында дарыгердин айлыгын көрсөткөн квитанциянын сүрөтү интернетке жарыяланып, талкуу жаралган.

Марттын соңунда президент Садыр Жапаров айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгын 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Буга чейин дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык 42 019 сом болду.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш бар. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG