Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 23-апрелде Oxford International School мектебинин негиздөөчүсү Мухаммад Шафик Абд Ут Таввабды, окуу директору Мухаммед Буржуну жана мектептин башкы менежери Динара Каримованы кабыл алды. Анда Ош шаарына эл аралык стандарттагы билим берүү мекемесинин жаңы филиалын куруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы мектеп 5 кабаттуу болуп, 850 окуучуга ылайыкталат. Ал мектеп окуучуларды эл аралык деңгээлдеги Cambridge IGCSE жана International Baccalaureate Diploma Programme программалары аркылуу окутат. Бул бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн 140 окуу жайына экзаменсиз тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
Маалыматта мектепти куруу иштери качан башталары белгиленген эмес.
Калаа мэри мындай эл аралык билим берүү мекемелеринин ачылышы шаардагы атаандаштыкты күчөтүп, билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгиледи. Ошондой эле бул долбоор мектеп жетишсиздигин азайтууга олуттуу салым кошорун кошумчалады.
Кыргызстанда алгачкы Oxford International School мектеби Бишкекте ачылган. 2015-жылдан бери иштеп келаткан бул менчик мектеп өзүн өзү каржылайт, курамында бала бакча да бар. Улуу Британиянын байыркы жана престиждүү Oxford мекемеси менен байланышы жок, анын аталышын бренд катары колдонот жана Cambridge Curriculum эл аралык стандарты боюнча иштейт.
Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (КЕ)
Шерине