Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Пезешкиан АКШнын деңиз курчоосу "ийгиликсиз болорун" билдирди

Ирандын президенти Масуд Пезешкиян.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиян.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 30-апрелде АКШнын Иран портторуна каршы деңиз блокадасы аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыгына каршы келерин жана акыры ишке ашпай турганын билдирди.

Анын кайрылуусун өкмөт өкүлү Фатеме Мохажерани Перс булуңунун улуттук күнүнө арналган жыйында окуп берди.

Пезешкиян аймактагы коопсуздук «жээгиндеги мамлекеттердин суверенитетин өз ара урматтоо жана биргелешкен кызматташтык шартында гана мүмкүн» экенин белгиледи.

«Кандай гана блокада же деңиз чектөөлөрүн киргизүү аракети болбосун, бул эл аралык укукка каршы келет жана аймактагы элдин, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуулуктун кызыкчылыгына туура келбейт. Мындай аракет сөзсүз ийгиликсиз аяктайт», — деди ал.

Дональд Трамп 13-апрелде Исламабаддагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган соң Иранга каршы деңиз блокадасын баштоону буйруган. Ал эми Ормуз кысыгын Иран февралдын аягынан бери дээрлик жаап, чектелүү сандагы гана кемелерди өткөрүп келет.

29-апрелде Трамп Тегеран өзөктүк программасына байланыштуу Американын талаптарына макул болмоюнча блокада улана турганын айтты.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин дүйнөлүк мунайдын баасы кескин өсүп, баррели 126 долларга жетти.

Шерине

XS
SM
MD
LG