Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Кадамжайда селден улам ички жол убактылуу жабылды

Сел. Гүлчө, Алай. 27-апрель, 2026-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.
Сел. Гүлчө, Алай. 27-апрель, 2026-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

30-апрелде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын улам кокту-колоттон сел жүрдү. Тамаша-Кызыл-Булак жолундагы сайдан жана Пүшкөүт, Таш-Булак сайлары аркылуу сел жүрүп, жол убактылуу жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы билдирди.

Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Мекеме буга чейин Пүшкөүт сайынын 750 метр, Таш-Булак сайынын 650 метр аралыгы тазаланганын, натыйжада сел өз нугунда өтүп, турак жай жана социалдык объектилерге зыян келтирилбегенин кошумчалады.

Нөшөрлөгөн жаандан улам соңку күндөрү Кыргызстандын бир нече айылдарында сел жүрдү.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG