Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат таратты. Аталган мекеме тарыхый жайды кайрадан оңдоп, реставрациялоо иштери боюнча социалдык тармактарда туура эмес маалымат жүрүп жатканын белгиледи.
Министрлик тараткан маалыматка караганда, реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.
“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө институту тарабынан атайын илимий долбоор даярдалып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир нече илимий кеңешмелер жана жеринен изилдөөлөр өткөрүлгөн. Тосмо жана чатыр реставрацияны коргоо үчүн орнотулган убактылуу чаралар деп баса белгилейбиз”, - деп жазылган маалыматта.
Убакылуу чатыр мал-жандыктардан коргоо, жаан-чачындын тийгизген таасирин азайтуу жана адистерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн орнотулганын, конструкциялар реставрация аяктаганда алынары белгиленген.
Социалдык тармактарда Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо иштери боюнча талкуу жүрүп, жасалма интеллект аркылуу жасалган көрүнүшүн жарыялашкан. Соцтармактын колдонуучулары кербен сарайдын тарыхый көрүнүшү сакталышы керектигин жазышкан.
Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында акыркы жолу XX кылымдын 70-80-жылдарында реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.
Таш-Рабат 2024-жылдан тартып Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.
XV кылымга таандык делген кербен сарайда Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар тейленген. Кербен сарай жалпак таштардан ылайга олтургузуп тургузулган. Анын бийиктиги 20 метрдей, 31 бөлмө бар экени айтылып келет. (КЕ)
Шерине