Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “эгер Украинанын Куралдуу күчтөрү 9-майда Москвага сокку урса орус армиясы Киевге сөзсүз сокку ура турганын” белгилеп, буга байланыштуу бардык мамлекеттерди украин борборунан өз элчиликтерин чыгарып кетүүгө чакырды.
Сырткы саясат мекемесинин өкүлү Мария Захарова Орусиянын ТИМи бардык өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин “бул билдирүүгө толук кандуу жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана дипломатиялык мекемелердеги кызматкерлерин, ошондой эле жарандарын Киев шаарынан чыгарып” кетүүгө чакырды.
4-майда Орусиянын Коргоо министрлиги 9-май – Жеңиш майрамына карата ок атышууну токтото турууну сунуштаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга жооп катары 6-майдан баштап согушту убактылуу токтоторун айткан. Анын демилгесине Орусиянын бийлиги жооп берген эмес.
Зеленский 6-майга караган түнү орус армиясы активдүү согуштук аракеттерин улантып, Киев сунуштаган ок атышууну токтотуу режиминен баш тартканын билдирди. Ал бул тууралуу шаршембиде аскер жетекчилери менен болгон жыйындан кийин жазды.
Украин армиясы билдиргендей, орус күчтөрү 6-майга караган түнү “Искандер-М” үлгүсүндөгү эки баллистикалык ракета, Х-31 башкарылуучу ракетасы жана 108 дрон менен чабуул койгон.
6-майдын таңында Сумы шаарындагы бала бакчанын имаратына дрон менен сокку урулган. Акыркы маалыматтарга караганда, имаратты кайтарган күзөтчү аял каза болду. Бийлик өкүлдөрү дагы үч адам жараат алганын билдиришти. Окуя болгон учурда имаратта балдар болгон эмес.
Быйыл 9-майда Орусиянын борборундагы Жеңиш парады кыскартылган форматта өтөт. Ага аскер техникасы, курсанттар жана башка аскер кызматкерлери катышпайт. Бийлик муну оперативдүү кырдаалга байланыштырды.
Украиналык учкучсуз учактар дээрлик күн сайын Орусиядагы объектилерге чабуул коюп жатат. (ErN)
Шерине