Эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кыргызстанда камакта отурган активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча жумушчу тобуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат Freedom Now уюмунун сайтына жарыяланды.
Freedom Now даттануусунда активистти БАЭ өкмөтүнүн экстрадиция кылуусу жана Кыргызстандын өкмөтүнүн аны башка өлкөдө жүргөн жеринен кармоосу башпаанек издеп жүргөн адамдын укуктарын бузуу болуп саналары белгиленген.
“Тилекмат Кудайберген уулун Кыргызстандын бийлиги тынымсыз куугунтукка алып, чек арадан сыртта жүргөнүнө карабай саясий жана экологиялык ишмердиги үчүн аны жазалоого умтулуп келген. Биз, бул негизсиз кармоого байланыштуу БУУнун Жумушчу тобу аны токтоосуз түрдө бошотууга жана ага толук кандуу кенемте төлөнүүсүн талап кылат деп ишенебиз”, – деп белгилейт Freedom Now укук коргоо уюмунун юристи Адам Лхедмат.
Freedom Now уюмунун маалыматында жазылгандай, Тилекмат Кудайберген уулу 2020-жылы COVID-19 пандемиясына, коррупцияга жана экологиялык саясатка байланыштуу Кыргызстандын бийлигин сындап чыкканы менен таанылган саясий активист.
2021-жылы ал президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.
Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп, ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.
Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууга убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына келген. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Жамгырчиев экөө кездешкен соң анын паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен өзүн полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2025-жылдын 19-апрелинде 19-апрелде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ал бөгөт чара уланып келатат. 2026-жылдын февралында ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.
Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштуу кармалган төрт кишиге – укук коргоочу Рита Карасартовага жана башка С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга сот өкүмү чыгып, “Массалык баш аламандыктар” жана 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Алар пробация менен сот залынан бошотулуп, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынган. (ErN)
Шерине