АКШнын Сенаты теги казакстандык Асель Робертсти (Төленова) Словениядагы элчи кылып бекитти. Тиешелүү маалымат 18-майда Сенаттын сайтында жарык көрдү.
Анын талапкерлигин 46 сенатор колдоду, 43ү каршы болду, 11и добуш берүүгө катышкан жок.
Робертстин талапкерлигин президент Дональд Трамп быйыл февралда киргизген. Мартта ал Сенаттагы угуулардан ийгиликтүү өткөн.
Болочок элчи эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуу ниетин билдирген.
Казакстандын Вашингтондогу элчилиги Асель Робертсти кызматка бекитилгени менен куттуктап, элчи кызматына дайындалган алгачкы этникалык казак болуп калганын белгиледи.
Ал АКШнын Мамлекеттик департаментинде протокол башкармалыгында башкы кеңешчи болгон жана башка кызматтарды аркалаган, вице-президенттин аппаратында иштеген. Беш президенттин тушунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан.
Робертс 1976-жылы Казакстанда туулган, СССР урагандан кийин АКШга көчкөн. Ал жакта Жоржтаун университетинин Дипломатиялык мектебин аяктаган. Англис, казак, орус жана жапон тилдеринде сүйлөйт.
Шерине