Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Салянова шахматты өнүктүрүү аракети башталганын айтты

Аида Салянова
Аида Салянова

Кыргыз шахмат бирикмесинин президенти болуп шайланган саясатчы Аида Салянова өлкөдө шахматты өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн убада кылды.

Бул тууралуу ал социалдык баракчасында видео билдирүү жасады. Салянова учурда Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатканын, бул оюнду мектеп программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталганын билдирди.

Аида Салянова Бишкекте шахмат бирикмеси үчүн атайын имарат бөлүнөрүн жана оюнду жайылтуу боюнча иштер болорун айтты.

“Кыргызстанда шахмат гроссмейстри, чемпиондор жок. Биз ушул боштукту толтуруп, өлкө президентинин жардамы менен тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек. Шахматтын алтын доорун жаратканга аракет кылабыз”,- деди Салянова

Буга чейин баш прокурор, парламент депутаты болгон Аида Салянова 23-майда Шахмат биримдигинин президенти болуп шайланган.

Анын кызы шахмат боюнча Кыргызстандын атынан бир топ эл аралык таймаштарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG