Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Министр Жээнбек Кулубаев тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө БУУнун маанилүү ролун белгиледи.
Маектештер Кыргызстандын БУУ тутумундагы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, климаттык иш-аракеттерди илгерилетүү, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелериндеги кызматташуу тууралуу пикир алышты.
Жолугушууда ошондой эле Антониу Гутерриштин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке сапары тууралуу сөз болуп, башкы катчы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусун кубануу менен кабыл алганын белгиледи.
Тараптар өз ара пайдалуу диалогду жана өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык аянтчалардын алкагында активдүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигин ырасташты.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ушул тапта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйындарына катышууда.
Кулубаев Нью-Йоркто бир катар мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, өз ара кызматташтыкты талкуулаганы кабарланды.
Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы менен жолукту
Дагы караңыз
Шерине