Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Путиндин Астана сапары: Казакстандагы биринчи АЭСти Орусия курат

Орусиянын президенти Владимир Путинди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган учур. 28-май, 2026-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путинди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган учур. 28-май, 2026-жыл.

28-майда Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путинди салтанаттуу тосуп алды. Бул Путиндин Казакстанга соңку бир жарым жыл ичиндеги экинчи мамлекеттик сапары.

Орус президентинин урматына Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик учактары асманда Орусиянын желегин элестеткен ак, көк жана кызыл түстөгү из калтырып учушту. Ошондой эле ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин урматына асманга көтөрүлгөн аскердик учактар. 28-май, 2028-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин урматына асманга көтөрүлгөн аскердик учактар. 28-май, 2028-жыл.

Андан кийин Токаев менен Путин эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда адегенде чакан курамда, кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүү өткөрүштү.

Токаев Казакстан үчүн Орусия менен достук жана союздаштык байланыштар “өзгөчө мааниге ээ” экенин белгиледи.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда кандайдыр бир талаштуу маселелер жок. Болгону оң динамика бар жана биз кызматташтыкты жаңы демилгелер менен долбоорлор аркылуу тынымсыз өнүктүрүп келебиз”, — деди Токаев.

АЭС КУРУУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУЛАР

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча Астана менен Москванын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге жана долбоорду каржылоого арналган мамлекеттик экспорттук насыя тууралуу келишимдер кабыл алынды.

Документтерге Казакстандын Атомдук энергия агенттигинин төрагасы Алмасадам Саткалиев жана Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев кол коюшту.

“АЭС куруу тууралуу келишимдин стратегиялык мааниси жөнүндө көп сөз кылуунун кереги жок. Бул баарына түшүнүктүү. Биз дос, бир тууган элбиз. Жалпы бай тарыхыбыз бар, маданий салттарыбыз жана элибиздин менталитети бири-бирине окшош. Биз элдерибиздин түпкү кызыкчылыгына ылайык иштеп жатабыз. Жарандарыбыз мамлекеттерибиздин достугу жана ынтымагы сакталышын каалайт. Мындан ары өнүгүү үчүн баарыбызга тынчтык керек”, — деди Токаев Путин менен жолугушууда.

Мындан тышкары эки лидер “Казакстан менен Орусия элдеринин достугу жана коңшулук мамилелеринин жети негизи тууралуу” биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Буга чейин Астана өлкөдөгү биринчи атомдук электр станциясынын курулушу мамлекеттер аралык насыянын эсебинен каржыланарын билдирген. Алмасадам Саткалиевдин айтымында, долбоордун так баасы техникалык долбоорлоо аяктагандан кийин белгилүү болот. Алдын ала эсеп боюнча, кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон эки энергоблоктун курулушуна болжол менен 15 миллиард доллар талап кылынышы мүмкүн.

Казакстандын бийлиги АЭС курууну өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы менен түшүндүрөт. Коомчулукта АЭС курууга каршы болгондор да бар. Алар долбоордун экономикалык натыйжалуулугуна күмөн санап, экологияга коркунуч жаратып, Казакстанды Орусиянын технологиясына көз каранды кылып коёт деп эсептешет.

“ИРИ ИНВЕСТОР”

Путиндин бул жолку сапарынын алкагында Казакстан менен Орусия билим берүү, мунай тармагы, каржы мониторинги, транспорттук логистика жана санариптештирүү багыттарында дагы бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.

“Орусия Казакстандын экономикасындагы эң ири инвестор. Казакстандын Орусия экономикасына салган инвестициясы 9 миллиард доллардан ашты. Азыр жалпы баасы болжол менен 53 миллиард доллар болгон 177 биргелешкен долбоор түзүлгөн", — деди Токаев бейшемби күнкү жолугушууда.

Казакстандын президенти коңшу эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын маанисин да белгиледи. Ал жаштар арасындагы гуманитардык алакаларды өнүктүрүүгө багытталган “Келечек оюндары” эл аралык долбоорун жана Орусиянын “Сириус” билим берүү демилгесин колдой турганын айтты.

Ошондой эле Токаев “Борбор Азия – Орусия” форматынын мааниси өсүп жатканын белгиледи.

“Азыр дүйнөнүн көңүлү Борбор Азия аймагына бурулуп жатат. Ошондуктан бул форматты мындан ары бекемдөө керек деп эсептейм”, — деди Токаев.

Путин Москва менен Астананын ортосундагы кызматташтык “тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принциптерине” негизделгенин билдирди. Ал азыркы тапта 70 биргелешкен инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын айтып, бул “кызматташтыктын башталышы гана” экенин белгиледи.

"Казакстандан жогол!"

Казакстанда орус президенти Владимир Путиндин сапарынын алдында оппозициячыл активист Марат Жанузаков кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулду.

Активисттин сөзүнө караганда, аны Фейсбукка чыгарган постуна байланыштуу кармашкан.

“Плакатка анын Казакстандын аймагында жүрүшүн каалабай турганымды жаздым жана, албетте, Украинага колдоо көрсөттүм. Биздин көптөгөн мекендештерибиз Украинага жан тартып келет, мен дагы Украинага күйөм жана ага жеңиш каалайм. Путинди жек көргөнүм Украинадагы согуш менен гана байланыштуу эмес. Бул Орусиянын акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан тышкы саясатына да байланыштуу. Орусия Грузиянын аймагынын бир бөлүгүн басып алган, Приднестровьеде каалаганын кылып жатат, куурчак режимди колдойт. Албетте, Казакстандын эгемендигине да дайыма кол салууга аракет кылып келет…Пост жазылгандан кийин кечээ кечинде дүкөнгө баргам. Ошондо кара түстөгү машинени көрүп калдым. Полиция экенин дароо түшүндүм. Дүкөнгө кирип, соода кылып чыксам, алар күтүп турушуптур. Мени машинага отургузуп алып кетишти. Ал жерде мени 2–3 саат кармап, экстремизмге каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери сүйлөштү. Алар так эч нерсе айтпай эле айланып сүйлөп жүрүштү. Негизги өтүнүчтөрү бирөө гана болду. “Фейсбуктагы тиги постуңузду өчүрсөңүз, баары жакшы болот” дешти. Мен болсо ойлонуп көрөрүмдү айттым. Бирок макулдугумду берген жокмун. Болгону ушул. Пост азыр деле турат, азырынча өчүрө элекмин”, - деди активист “Азаттыктын” казак кызматына 28-майда.

Кармалар алдында ал казак жана украин желектеринин фонунда түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

“Эй акмак, Казакстандан жогол! Украинага даңк!” - деп жазган.

Жанузаков кайрылуусун кимге багыттаганын так айткан эмес.

Марат Жанузаков 2024-жылы да Путиндин Астанага келишине нааразылык билдирип чыккан. Башка активисттер менен бирге “Улуу урматтуу мырза, Казакстандан жогол!” деген жазуусу бар кагаз көтөрүп чыгышкан. Анда активисттер майда бейбаштык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бирине айып пул чегерилген.

Владимир Путин Астанада Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйынына жана Евразиялык экономикалык форумга катышары күтүлүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да 28-майда иш сапары менен Астанага барды. Иш сапардын алкагында Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумга катышат. Саммитке кыргыз, казак, орус президенттеринен тышкары Беларустун лидери Александр Лукашенко, Армениянын вице-президенти Мгер Григорян катышары күтүлүп жатат. Буга чейин армян премьер-министри Никол Пашинян Астанада өтө турган Евразия экономикалык саммитине барбай турганы жарыялаган. Анын кадамын серепчилер Путиндин коркуткан сөздөрүнө байланыштырышкан.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган.

Уюмга мүчө өлкөлөр арасында төрт эркиндик - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү кепилденери айтылган.

Бирок чек арадан жүк алып өтүүдө кезек күтүү утур-утур пайда болуп, кыргызстандык ишкерлер Казакстан менен Орусия кошумча талаптарды коёт деп даттанып келет. Мындан тышкары Орусияда миграциялык талаптар катаалдап, анын айынан уюмга мүчө Кыргызстандын жарандары да кыйынчылыкка туш болгонун айтышат. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет айтылып, Орусия ЕАЭБдин талаптарын сактабай жатат деп сынга алынган. Бишкек бул маселе боюнча Орусияга кайрылып, чечүүнү суранганы менен көйгөй байма-бай кайталанып келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG