Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Президент Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү

Садыр Жапаров. Иллюстрациялык сүрөт.
Садыр Жапаров. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин базасында улуттук агенттик түзүү боюнча жарлыкка кол койду.

Маалыматка караганда, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик бул тармактагы ыйгарым укуктуу орган болуп калат. Ага виртуалдык активдер тармагын жөнгө салуу, уруксат кагаздарын берүү, мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле криповалюталарды каттоо, эмиссия кылуу жана жүгүртүү маслелерин көзөмөлдөө милдеттери берилет.

Финансы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматы алдыңкы бир айдын ичинде аталган агенттикке виртуалдык активдер базарына тиешелүү маалымат тутумун, маалыматтар базасын, санариптик реестрлерди, архивдик материалдарды жана башка ресурстарды өткөрүп бериши керек.

Мамлекет башчы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти 2025-жылдын 3-майында түзгөн. 4-майда Чолпон-Ата шаарында кеңештин биринчи жыйыны өтүп, дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону президент Садыр Жапаров өзүнүн бул жааттагы коомдук кеңешчиси кылып бекитип, атайын күбөлүк тапшырган. Чжао улуттук кеңештин былтыр 24-октябрда өткөн экинчи жыйынына да катышкан.

Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгын былтыр 25-августтан бери Фархад Иминов жетектеп келатат.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2021-жылы алгачкы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Коомдук талкууда жана парламенттик кароолордо улам өзгөрүп, толукталып жатып 2022-жылы “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптомайнинг, криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүү жана башка нерселер мыйзамдаштырылган.

Кыргыз бийлиги Чжаонун көмөгү менен долларга байланган USDKG жана сомго байланган KGST аттуу криптовалюталарды жасап, Binance аянтчасында жүгүртүүгө чыгарды. Кыргызстандын ички криптовалюта базарында 2025-жылы жүгүртүү 3 триллион сомго жакындады. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG