Орусия менен Ооганстандын "Талибан" өкмөтү аскердик кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.
Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, келишимге 27-майда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу жана "Талибан" өкмөтүнүн коргоо министри Мохаммад Якуб Москва шаарынын четинде өткөн коопсуздук форумунун алкагында кол коюшкан.
Азырынча тараптар аскердик кызматташуу тууралуу макулдашуунун мазмунун жарыялай элек жана ал боюнча кеңири маалымат берген жок. Ошондуктан бул документ аскердик кызматташтыктагы олуттуу өзгөрүүнү билдиреби же саясий кадамбы, азырынча белгисиз.
Аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдер курал-жарак сатуу, аскерлерди окутуу, техникалык тейлөө, логистикалык колдоо же техникалык жардам көрсөтүү сыяктуу ар кандай багыттарды камтышы мүмкүн.
"Орусиянын экономикасы азыр өтө чоң басым алдында тургандыктан, ал "Талибан" өкмөтүнө акысыз аскердик жардам көрсөтө албайт", — дейт Вашингтондо жайгашкан Атлантикалык кеңештин улук илимий кызматкери Хамид Хакими.
Орусия "Талибанды" Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү катары расмий тааныган жалгыз өлкө. Москва мындай чечимди 2025-жылы кабыл алган.
"Талибан" 2021-жылы АКШ менен НАТОнун аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийин бийликке кайтып келген.
Ошол эле учурда Кытай, Казакстан жана Өзбекстан баш болгон бир катар өлкөлөр "Талибан" менен дипломатиялык, соода жана экономикалык байланыштарды сактап келгени менен анын өкмөтүн расмий тааный элек.
Кыргызстан аталган кыймылды 2024-жылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.
Акыркы жылдары Орусия "Талибандын" өкүлдөрүн бир нече жолу кабыл алып, Ооганстандын коопсуздук маселелери боюнча негизги сүйлөшүү аянтчаларынын бири катары өз ордун бекемдөөгө аракет кылып келет.
Москва өзгөчө "Ислам мамлекети – Хорасан" (IS-K) сыяктуу радикалдуу топтордон келип чыккан коркунучка тынчсызданат. Орусия мындай топтор өзүнүн коопсуздугуна жана стратегиялык аймак катары эсептеген Борбор Азияга коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептейт.
Шерине