Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Аннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аннексияланган Крымдын бийлигине удаа эле Украинанын Луганск облусунун Орусия басып алган бөлүгү - өздөрүн Луганск элдик республикасы (ЛНР) атап алган аймактын бийлиги да бензин сатууга чектөө киргизип, буга суроо-талаптын өскөнүн негиздеди.

Шейшембиде "ЛНР өкмөтү" тараткан маалыматта тиешелүү чечимге ылайык, май куюучу бекеттерде күйүүчү май бир адамга 20 литрден гана сатылары айтылган. "Чектөө убактылуу, күйүүчү май ташуу турукташкандан кийин чектөө жоюлат" деп жазылган билдирүүдө.

Май айынын аягында аннексияланган Крымдын жана Севастополдун бийликтери күйүүчү май таңкыстыгынан улам бензинге талон киргизген. 31-майдан тартып жарым аралдагы АТАН жана ТЭС деп аталган май куюучу бекеттер тармагында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин талон менен гана берилип жатканы, ал эми АИ-92 бензини бир адамга 20 литрден гана сатылып жатканы белгиленген. Севастаполдо эки үлгүдөгү бензин тең талон менен гана сатылууда.

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов кырдаал 30 күндүн ичинде калыбына келиши керектигин белгиледи. Севастополдун Орусия дайындаган губренатору Михаил Развожаев чектөө убактылуу, күйүүчү май запасын толуктоо үчүн зарыл экенин билдирди.

Күйүүчү май ташуу көйгөйү украин армиясы Крым жарым аралын Орусиянын материк бөлүгү менен байланыштырган логистикалык маршруттарын бутага ала баштагандан бери курч болууда.

Украин Куралдуу күчтөрү акыркы убактарда фронт сызыгынан ары 100-150 чакырымга атуучу "мидлстрайк" өнөктүгүн кескин кеңейтти, анын натыйжасында Украинанын оккупацияланган аймагындагы орусиялык аскерлерди камсыздоочу негизги жолдор жабыркаган.

Украинанын коргонуу күчтөрү кийинки кездери Орусиянын терең тылындагы мунай жана отун инфратүзүмүнө дрон менен сокку урууну күчөтүштү. Мунун баары оккупацияланган аймактарда күйүүчү май таңкыстыгына алып келгенин Би-би-си орус кызматы жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG