Астана Евробиримдик менен визаны жеңилдетүү үчүн мыйзамсыз мигранттарга Казакстанда миграциялык борбор түзүүнү макулдашканы жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.
Казакстан Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ерлан Жетыбаев виза алууну жөнөкөйлөтүү максатында өлкөдө Европадан депортацияланган мыйзамсыз мигранттарды жайгаштыруучу борбор түзүү боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүү болбогонун билдирди. Ал Казакстан жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул иш реадмиссия (реадмиссия - мамлекеттин өз жарандарын кайра кабыл алуу жана башка өлкөлөрдөн депортацияланган чет элдик жарандарды да кабыл алуу) жөнүндө макулдашуу менен чогуу жүрүп жатканын тактады.
"Реадмиссия жөнүндө макулдашуу мындай: эгер жаран биздин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болсо, биз аны кайра кабыл алуу милдетин алабыз", - деп түшүндүрдү Жетыбаев.
Астанага удаа эле расмий Ташкент да Евробиримдик менен мыйзамсыз мигранттарды кабыл алуучу борбор түзүүнү макулдашпаганын билдирди.
Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Амонулла Файзиев Kun.uz басылмасына комментарийинде Ташкент өлкө аймагында Европада башпаанек берүү өтүнүчү четке кагылган, бирок мекенине кайтарууга мүмкүн болбой жаткан мигранттарды жайгаштыруучу атайын борборлорду түзүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал "көтөрүлгөн маселе чындыкка дал келбесин" кыска айтты.
Басылма Евробиримдиктин Бишкектеги делегациясы да "бул маселени талкуулабаганын" белгилеген.
1-июнда Евробиримдик жаңы миграция жобосун бекиткен, ал мыйзамсыз мигранттарды биримдиктен тышкаркы өлкөлөргө депортациялоо жана мыйзамсыз мигранттарды тинтүүгө уруксат берет.
Politico басылмасы Евробиримдиктин келечектеги өнөктөштөрү катары Казакстанды, Өзбекстанды, Руанданы жана Уганданы атаган.
Жаңы жобо Евробиримдиктен чыгып кетүүдөн баш тарткан мигранттарга карата жазаны да күчөтөт. Тактап айтканда, аларга Евробиримдикке кайра кирүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн социалдык жөлөкпулдарды кыскартуу же толугу менен токтотуу мүмкүнчүлүгү да каралганын dpa агенттиги жазды.
AFP маалымдагандай, Франция, Германия жана Европарламенттин өкүлдөрү мындай борборлор мүмкүн болушунча тезирээк иштей башташы керек деген позицияда.
Бул жаңы эрежелер өкмөттүк эмес уюмдардын кескин сынына кабылды. Алар мындай чаралар адам укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Сынчылардын айтымында, жаңы жобо адамдарды аларга эч кандай тиешеси жок өлкөлөргө жөнөтүүгө жол ачат.
Шерине