Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Жалал-Абадда төрөткөнү үчүн акча алган дарыгерлерге сөгүш берилди

Төрөткана. Иллюстрация сүрөт.
Төрөткана. Иллюстрация сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Жалал-Абад облусунун тургуну Т.Д. аттуу жаран кайрылып, төрөт үйүндө орой мамилеге, акча талап кылууга жана шалаакылыкка туш болгонун айтып даттанган. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлады.

Даттанган келин быйыл 23-февралда Жалал-Абад облустук ооруканасына толгоосу кармап барганын, төрөт бөлүмүнүн Э.К. аттуу акушери аны кагып-силкип, өз милдетин талаптагыдай аткарбаганын билдирген.

"Арызда аял көз жарары менен акушер анын жолдошуна чыгып, сүйүнчү сурап, акчаны башка бирөөнүн номуруна котортуп алганы жазылган", - деп билдирди омбудсмен.

Жыйынтыгында акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү акушерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштап, аймактык үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчисине кайрылган. Андан тышкары, ооруканада мыйзамсыз акча талап кылуу жана жарандардын укугун бузган көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы аталган мекемеде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акушер Э.К. жумуштан четтетилгенин, ал эми төрөт үйүнүн эки дарыгерине бейтаптардан акча алганы үчүн сөгүш жарыялаганын акыйкатчыга 20-майда маалымадаган.

Мамлекеттик мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү тыюу максатында жарандардан түрдүү себептер менен акча алууга тыюу салынган. Мыйзам бузулган учурда акча талап кылган же сураган кызматкерлер тийиштүү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары эскертилген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG