АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) менен байланыштагы адамдардын Ирандын футбол боюнча дүйнө чемпионатына келаткан делегациясына киришине жол бербейт деп билдирди. 11-июнда башталып жаткан мелдеш АКШ, Канада жана Мексикада өтмөкчү.
Ирандын курамасы G тайпасындагы оюндарды Кошмо Штаттарда ойноп, бирок машыгуу базасы Мексикада жайгашмакчы.
Рубионун айтымында, Вашингтон менен Тегерандын чыңалып турган мамилесине карабай, АКШ ирандык спортчуларды жана аларды тейлеген команданы кабыл алууда “эч кандай маселе көрбөйт”.
"Биз делегацияга спортко эч кандай тиешеси жок, Сакчылар корпусу же ал өңдүү уюм менен байланышы бар адамдардын киргизилишине жол бербейбиз. Андыктан аларга жакындан байкоо салабыз”, - деп билдирди Рубио 2-июнда Өкүлдөр палатасынын комитетиндеги угуулар маалында.
Ирандын улуттук командасы алдыдагы ишембиде Мексикага аттанары кабарланган. Бирок аларга АКШнын визасы бериле элек.
28-февралда башталган согуш ирандыктардын чемпионатка катышуусуна көлөкө түшүрүп келатат.
G тайпасына ошондой эле Жаңы Зеландия, Египет жана Бельгия кирет.
Шерине