Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

"Наргизге уулу боор донору болуп, апасы коштоп барган". Индиядагы үч өмүр кыйылган өрт кырсыгы

Наргиз Кочкарова Индияга апасынын жана уулунун коштоосунда барган, уулу ага донор болгон. Коллаж сүрөт.
Наргиз Кочкарова Индияга апасынын жана уулунун коштоосунда барган, уулу ага донор болгон. Коллаж сүрөт.

Индияда мейманканада чыккан өрттөн үч кыргызстандык каза тапты. Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында жакында боор алмаштыруу операциясын жасаткан Ош шаарынын тургуну Наргиз Кочкарова, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана апасы бар.

Үй-бүлө Индияда дарылануу максатында жүргөн. Өрттөн каза болгон аялдын артында жашы жете элек эки баласы калды.

50 жаштагы Наргиз Кочкарова жакында эле Индиянын баш калаасы Нью-Делиде боор алмаштыруу операциясынан өтүп, абалы жакшырып калганын жакындарына билдирген. Үй-бүлө Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жаткан.

Артында жашы жете элек эки баласы калган маркум аялдын тааныштары аны өмүр бою иштеп, балдарын жалгыз өзү чоңойтуп келаткан, жашоосу мээнет менен өткөн айым катары эскерүүдө:

"9-июнда кайтып келмек. 3-4 күн мурун эле сүйлөшкөнбүз. «Жакшы болуп калдым, 22 күн жаттым, эми палатага чыктым» деген эле. Наргиз менен апасы да чогуу кеткен. Уулу донор болду эле. Наргиз апасынын жалгыз кызы болчу, бир туугандары жок эле. Апасы да «жалгыз жөнөтпөйм» деп, аны менен кошо кеткен болчу", - деп айтып берди "Азаттыкка" Кочкарованы жакындан тааныган курбусу.

Нью-Делидеги мейманканага Кочкарова операцияга донор болгон 23 жаштагы уулу жана 70 жаштагы апасы менен токтогон. Мындан бир жума мурун маркумдун уулу социалдык тармактагы баракчасына апасынын операциясы ийгиликтүү өткөнүн жазып, анын абалы жакшырып жатканын билдирген эле.

Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

"Азыр апам дарыгерлердин көзөмөлүндө, реанимация бөлүмүндө жатат. Бүгүн узак убакыттан кийин биринчи жолу тынч дем алып, жөн гана ыйладым. Кубанычтан да, кайгыдан да, чарчоодон да, Аллах бизге дагы бир мүмкүнчүлүк бергенине да шүгүр кылып ыйладым. Ата-энеңерди сактагыла...Алар бар кезде биз дагы эле үйү, жылуулугу жана тиреги бар бала бойдон калабыз. Ушул оор күндөрдө жанымда болуп, колдоо көрсөткөн адамдардын баарына терең ыраазычылык билдирем", - деп жазган эле ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 3-июнда Нью-Делинин Малвия Нагар районундагы Florist Inn мейманканасында болгон. Өрттөн жалпысынан 21 адам каза болуп, 42 адам жаракат алган.

Мейманканада жашаган чет өлкөлүк жарандардын көбү Нью-Делидеги медициналык мекемелерде дарылануу үчүн Индияга барган адамдар болгон.

Индияда дарыланып жаткан кыргызстандык Исмигүл Бешироглы Кочкарованын операциясы ийгиликтүү өткөнүн айтууда:

Исмигүл Бешироглы
Исмигүл Бешироглы

"Кечээ кечке маал сүйлөштүк эле. Дагы бир анализим калды, ошол анализимди тапшырсам, үйгө кетем деп жатты эле. Апасы, баласы болуп келишкен. Ал отель бир аз тар, шарты жакшы эмес деп айтып жаткан. Башка жакка көчсөкпү деп да айткан. Бирок кийин чалсам кайра бул жактан эле кетейин деп калды. Эгер ошондо көчүп кеткенде, балким, аман калат беле".

Учурда Индиянын тиешелүү органдары кырсыкка эмне себеп болгонун иликтеп жатат.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги каза болгондордун жакындары менен байланышып, керектүү жардам көрсөтүп жатканын билдирди.

Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундун айтымында, өрт таңкы саат 9га жакын тутанган:

Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

"Мен досум менен скутерде бара жаткам, ошол учурда адамдар имараттан секирип жатканын байкадык. Биз төрт-беш адам терезени сындырып алып, ошол жактан секиришкенин көрдүк".

Адистердин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн бейтап боор алмаштыруу операциясына муктаж болуп, алардын бир бөлүгү чет өлкөлөрдөн жардам издөөгө аргасыз болууда. Мындай операцияларды жасатуу үчүн айрыкча Индия менен Түркияга баргандар арбын.

  • 16x9 Image

    Акылай Жеңишова

    "Азаттыктын" журналисти. 2024-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG