2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 24-февралдагы отурумунда билдирди.
Былтыр жыл ичинде, Саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулардын жайылышын көзөмөлдөө департаментинин башчысы Нуржамал Шейшееванын айтымында, Кыргызстанда гепатитке чалдыккан 8555 бейтап катталган. Алардын 75и бул оорунун В тибине, 56сы С жана 9у D тибине чалдыккан.
Акыркы убактарда гепатит А эң көп катталууда. Бул оору 14 жашка чейинки балдардын арасында арбын.
2024-жылдан тартып Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясы жасалып келе жатат.
Гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет 2026-жылга 492 млн 460 миң сом бөлгөн. (ZKo)
Шерине