Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 24-февралда кол койду.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.
42 жаштагы Осмонов Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасынын башчысы жана “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери.
Буга чейинки министр Каныбек Досмамбетов ушул эле күнү кызматтан кеткен жана анын себеби айтылган жок.
Досмамбетовдун ысымы эки күндөн бери социалдык тармактарда талкууланып жаткан аудио жазууда айтылган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Төрөбаев бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин менен сүйлөшкөн. Аудиодо Эркин Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен мурдагы министр, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айтканын угууга болот.
Аудиодогу айыптоо боюнча Досмамбетов үн ката элек. Ал саламаттык сактоо министри болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түзүмүндө иштеп келген.
Шерине