Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстанда ажылык жана умраны уюштурууну мамлекет көзөмөлүнө алат

Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.
Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Кыргызстанда ажылык сапарды жана умраны уюштуруу эрежелерин өзгөртүүнү сунуштоодо. Өзгөртүүлөр камтылган долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Документ 2025-жылы бекитилип, учурда иштеп жаткан эрежелерди алмаштырат. Демилгечилердин белгилөөсүнө караганда, учурда иштеп жаткан жол-жоболордо ажылыкты жана умраны уюштурууда, анын ичинде электрондук кезек, каржылык ачыктык, кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо жана жараянды санариптештирүү маселелеринде көптөгөн мүчүлүштүк бар.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, ажылыкка баруучуларды каттоо, электрондук кезек түзүү, квота бөлүштүрүү, акы төлөө, сынак уюштуруу жана арыздарды кароо боюнча Бирдиктүү санарип система түзүлөт. Бул системадан тышкары ажылык жана умра уюштурууга уруксат берилбейт.

Ажылык үчүн толук автоматтык электрондук кезек бекитилет. Каттоо бүткөндөн кийин система өз алдынча кезектин номурун берип, кезек адам аралашуусуз түзүлөт.

Орундарды сатууга, кезекти алмаштырууга жана квоталарды алдын ала ээлөөгө тыюу салынат.

Ал эми умраны уюштуруу укугу атайын аккредитациядан өткөн гана туристтик операторлорго берилет. Аккредитациядан өтүү үчүн операторлор Сауд Арабиясындагы өнөктөштөрүн тастыктап, кеминде 10 миң доллар каржылык кепилдик бериши керек жана адискөй персоналы бар экенин далилдөөгө тийиш.

Документте ажылыкка барчулар менен келишимге да талаптар киргизилет. Келишимде сапардын толук акысы, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, каражатты кайтарып берүү шарты жана тараптардын жоопкерчилиги милдеттүү түрдө жазылууга тийиш.

Операторлорго алдын ала төлөм катары жалпы акынын 50% алууга тыюу салынат. Келишим бузулган шартта акча 30 күндүн ичинде кайтарылып берилиши керек.

Дагы бир жаңылык - Мусулмандар дин башкармалыгынын расмий уюштуруу жыйымынын өлчөмү жыл сайын мекемелер аралык комиссия тарабынан бекитилет. Андан түшкөн каражат санариптештирүү, коштоочуларды окутуу, ажылыкка барчуларга жардам фондун түзүүгө жана административдик чыгымдарга сарпталат. Мындан тышкары муфтият бул каражаттардын сарпталышы боюнча кварталдык отчет берип турууга милдеттүү болот.

"Зыяраттын жүрүшүндө жыл сайын миллиондогон мусулмандар Меккеге келишет. Бул мамлекеттен белгилүү бир көзөмөлдү талап кылат. Сапарларды уюштуруу башаламандыктан алыс болууга, логистиканы жана ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштырууга жардам берет. Мамлекет көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын - транспорттон Сауд Арабиясында жашоого чейин көзөмөлдөй алат. Бул алдамчылыкты алдын алууга жана ажыга баруучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Жыл сайын Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги Кыргызстанга ажылык зыяратка баруучулар үчүн 6 миңдей орун бөлөт. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 6060 адам барды.

Быйылкы ажылыктын баасы 4 650 доллар деп эсептелген.(ZKo)



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG